Жазгы семестрдин кабыл алуу сынактары
13&Բ;октября&Բ;2025
Абитуриенттер үчүн маанилүү маалымат! Биз жазгы семестрдин кабыл алуу сынактарына каттоону ачып жатабыз.
Эгер сен күзүндө окууга тапшыра албай же окууга тапшырууга жетишпей калган болсоң, башка ЖОЖдон которулуп жатсаң, анда алдыда күтүлүп жаткан сынакка катталып, январда окуп баштоо мүмкүнчүлүгү бар.
Бишкектеги абитуриенттер сынакка төмөнкү дарек боюнча каттала алышат: БААУ, Аалы Токомбаев көчөсү 7/6, кеңсе G20.
Эл аралык жана Кыргызстандын аймактарындагы абитуриенттер admissions@auca.kg электрондук дареги аркылуу каттоодон өтө алышат.
Кабыл алуу сынактары 3 бөлүктөн турат:
- Англис тилинен тест – 80 мүнөт.
- Эссе – 60 мүнөт.
- Математика – 60 мүнөт.
Окууга тапшырууга байланышкан суроолор боюнча кайрылуулар үчүн:
+996 770 00 41 13 (WhatsApp)
Каржылык колдоо:
+996 220 01 90 18