Дифференциалдык теңедемелер жөнүндө жаңы китеп NOVA (USA) басма үйүндө жарык көрдү
АКШдан сонун жаңылык келди. Белгилүү илимий NOVA (USA) басмаканасында Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин професоору, физико-математикалык илимдердин кандидаты Анаркуль Урдалетова жана Борбордук Азиядагы Америка университетинин профессору, экономика илимдеринин доктору Сыргак Кыдыралиевдердин “Кадимки дифференциалдык теңдемелерди түз интеграциялоо” монографиясы жарыяланды.