91

БААУга кош келиңиз!

Бул жерде көп улуттуу студенттер менен тажрыйбалуу окутуучулар

жаркын келечекти биргелешип курушат.

Борбордук Азиядагы Америкалык университети

1993-жылы негизделген БААУ Борбор Азиядагы демократиялык өзгөрүүлөр үчүн келечектеги лидерлерди тарбиялайт. Борбор Азиядагы Америкалык университет - бул америкалык либералдык искусство салтындагы эл аралык, көп тармактуу билим берүү жамааты. БААУ - Борбор Азиядагы либералдык искусстволор багытындагы окуу программалары боюнча АКШда аккредитациядан өткөн дипломдорду сунуштаган биринчи университет болуп саналат, бул АКШдагы Бард колледжи менен өнөктөштүктө ишке ашырылууда.


"Мен үчүн Борбордук Азиядагы Америка университетин ушул маанилүү учурда жетектөө мүмкүнчүлүгү чоң сыймык. БААУ академиялык эркиндикти жайылтат жана ар түрдүү жашоо тажрыйбасы бар адамдарга жана ар кандай дүйнө таанымдарга ээ студенттерге биргелешкен аянтча сунуштайт, аларды өмүр бою билим алуу, жалпы жыргалчылыкка кызмат кылуу жана келечек муундардын бакубат жашоосу үчүн туруктуу өнүгүүгө умтулуу бириктирет. Алдыңкы айларда жана жылдарда университеттин мыкты окутуучулары жана кызматкерлери менен иштешүүнү, ошондой эле студенттер менен тыгыз байланышта болууну чыдамсыздык менен күтүүдөмүн."

91 HIGHLIGHTS

“Кино, телевидение жана медиа искусстволор” факультети

“Кино, телевидение жана медиа искусстволор” факультети Борбордук Азиядагы Америка университетинин эң жаш факультеттеринин бири болуп, ал 2016-жылы түптөлгөн.... Read More

“Антропология жана Эл аралык өнүгүү” магистратурасы

Антропология жалаң гана салттуу маданияттарды иликтөөнүн чегинен эбак чыгып кеткен. Бүгүнкү күндө бул илим заманбап коомду терең түшүнүүгө жана ар кандай чөйрөлөрдө маанилүү маселелерди чечүүгө жардам берет.... Read More

БААУда Эл аралык конференция өткөрүлдү

12-13-июнда БААУда “Академиялык китепканалар: тренддер жана инновациялар” алгачкы Эл аралык конференциясы өткөрүлдү.... Read More

БААУ – Кыргызстандын мыкты университети

Британиялык Quacquarelli Simmons (QS) агентствосу 2026-жылга карата университеттердин глобалдык рейтингин жарыялады жана ага дүйнөнүн 1500 мыкты ЖОЖдору кирди.... Read More

Илим тилибиз кыска-нуска болсо

"Кыргыз Туусу" гезитинде экономика илимдеринин доктору, профессор, «Колдонмо математика жана информатика» факультетинин окутуучусу Сыргак Кыдыралиевдин «Илим тилибиз кыска-нуска болсо» макаласы жарыкка чыкты. Эмгек эне тилибизге кайдигер карабаган замандаштарга сунушталат.... Read More

БААУга окууга тапшыруу үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк!

БААУнун кезектеги кабыл алуу сынактарына каттоо ачык жана ал 2025-жылдын 1-июлу саат 17:00гө чейин уланат.... Read More